26.11.19  

Кыргызстанда 2019 - жылдын январь-октябрь айларында, жалпы аянты 788,3 миң чарчы метрди түзгөн  6,900 миң жеке турак үй пайдаланууга берилди. Мындай маалымат, Улуттук статистика комитети тарабынан берилди.

Көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 9,7 пайызга жогору болуп чыккан. Жеке турак үйлөрдү куруу иштери,  Баткен облусу жана Ош шаарынан тышкары бардык региондордо көбөйгөндүгү кабарланат. Кыйла олуттуу өсүш,  Жалал-Абад облусунда (19,7 пайызга) жана Бишкек (19,3 пайызга) шаарында байкалган.

Курулган жеке турак үйлөрдүн аянтынын орточо көлөмү 115 чарчы метрди түзөт. Тагыраак айтканда, Бишкек шаарында 159 чарчы метр, Ош шаары 130 чарчы метр, Талас облусу 122 чарчы метр, Ош облусу100 чарчы метр жана Жалал-Абад облусу 103 чарчы метрди түзгөн.

https://24.kg/ekonomika/134950_tsifra_dnya69_tyisyachi_jilyih_domov_postroili_vkyirgyizstane_snachala_goda/