11.12.19
Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү  2019-жылдын январь-октябрь айлары аралыгында 5,6 миллиард долларга жеткен.

Бул тууралуу, 11-декабрь күнү Бишкекте болуп өткөн пресс-конференциянын жүрүшүндө, Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтардын таратылышы жана жыйынтыктоо иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, экспорттун көлөмү 14,1% пайызга жогорулаган, ал эми импорт болсо 7,2% пайызга кыскарган. Экспорттун көбөйүшүнүн негизги себеби, алтынды сатуунун 1,6 эсеге жогорулашы менен түшүндүрүлөт. Өткөн 2018-жылдын январь жана ноябрь айларына салыштырмалуу  алтындын экспорту 41,8% пайызга чейин көбөйгөн.

Мындан тышкары, керамикалык буюмдардын экспорту 1,7 % пайыз жемиштердин жана жаңгактардыкы 39,1% пайыз, эттин жана тамекиники 2,1 % пайыз, дан өсүмдүктөрү 2,1% пайыз, цемент 37,2 % пайыз, баалуу металлдар жана концентраттар 17,6% пайызга жогорулагандыгын   билдирди.

http://www.tazabek.kg/news:1584444?from=portal&place=last&b=7