24.12.19

2019-жылдын 7-май күнү Түркиянын Анкара шаарында кол коюлган виза маселесине байланышкан кошумча протоколду ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков  24 - декабрь күнү кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 27-ноябрь күнү кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган кошумча протоколдун күчүнө кириши үчүн Түркиянын тийиштүү органдарына  маалымат берүүсү зарыл.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.

Жогоруда аталган, макулдашуунун кошумча протоколунун максаты, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жарандарынын эки мамлекеттин аймагында жүрүүнүн шарттарын жеңилдетүү болуп саналат. 

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын жараны жана аны менен чоогу жүргөн адам, Түркия Республикасында медициналык кызматтан пайдалануу үчүн 90 күндөн ашык убакытка кала турган болсо, анда ал жашап туруу үчүн алына турган визага акы төлөбөй калуусу каралган (Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин компетенттүү медициналык мекемесинин аныктоосу болсо).

Ошондой эле аталган протоколдо, эки тараптан дин иштери жана билим берүү тармактары боюнча кызматка, атайы мамлекеттик органдар тарабынан дайындалган болсо, уруксат алуу зарылдыгынан бошотуунун шарттары дагы каралган.

http://kg.akipress.org/news:1587188?from=portal&place=last&b=2