20.01.20

Алдын ала маалымат боюнча, 2019-жылы Кыргызстанга 972,9 миң тонна мунайзат ташылган. Бул тууралуу, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Ташылып келген мунайзаттын 453,8 миң тоннасы бензин болсо, дизель майы 519,1 миң тонна болгон.

 Эскерте кетсек, Россия жана Кыргызстандын ортосунда жетишилген келишим боюнча, Россиядан алынып келинген нефти продуктуларына кошумча экспорттук бажы салымдары алынбайт. 2019-жылы Кыргызстан тарап кошумча экспорттук бажы салымдарынан 27,2 миллион доллар үндөмдөп калган.

http://kabar.kg/tur/news/gecen-y-l-k-rg-zistana-972.9-bin-ton-petrol-urunu-ithal-edildi-1/