06.02.20

2020-жылдын 6-февраль күнү, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда иш сапары менен болду. Өлкө башчысы эл менен жолугушуу учурунда: "Акыркы эки жыл ичинде ата мекендик айыл чарба продукцияларынын экспортунун географиясы кеңейди", - деп белгилеп өттү.

Мисал катары, мамлекет башчысы Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы Королдугу, Катар жана башка мамлекеттерге айыл чарба продукцияларынын экспортунун көбөйүп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле, Кытайга экспортту көбөйтүү максатында тиешелүү иш-аракеттердин планы кабыл алынгандыгын жана аталган планды ишке ашыруунун натыйжасында, 2019-жылы айыл чарба продукциясын Кытайга сатуу 23,7% пайызга өскөндүгүн белгилеп кетти.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын 2019-2022-жылдарга карата, экспортту өнүктүрүү боюнча өкмөттүк программа кабыл алынган. Бул программада, иштетилген жашылча-жемиштерди Кытай базарларына экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, кайра иштетилген продукциянын өсүшүн камсыздоо боюнча чаралар каралган. Президент сөзүн аяктап жатып: "Жыйынтыгында, мунун баары бир жыл ичинде, айыл чарба продукциясынын экспортун 32,4% пайыз өсүшү менен 54 миллион долларга көбөйтүүгө мүмкүндүк түздү",- деп сөзүн аяктады.

http://www.tazabek.kg/news:1595051?from=portal&place=last&b=6