20.02.20

Ташкент шаарында болуп өткөн, Эл аралык авиациялык форумдун жүрүшүндө "Манас" аэропортунун коммерциялык директору Эльнар Субакожоев, Борбордук Азиядагы кесиптештери менен биргеликте комплекстүү туристтик турларды ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Эльнар Субакожоев: "Борбордук Азиядагы биздин өлкөлөр Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан, Улуу Жибек жолунун бир бөлүгү болуп саналат. Көптөгөн туристтер бул мамлекеттерди саякаттагысы келет, ошондуктан, менимче жакынкы келечекте, Европа өлкөлөрү сыяктуу, туристтерге пакеттик жолдомолорду сунуш кылабыз деп ойлойм. Жүргүнчүлөр регионду бат жана ыңгайлуу саяктоого кызыкдар. Ал эми, биздин Ош шаарындагы жана Ысык-Көлдөгү аэропортторубуз транспорттук-логистикалык маанилүү обьектиге айланышы мүмкүн"-деп билдирди ал сөзүндө.

Ташкенттеги Эл аралык авиафорумдун алкагында, жыл сайын чет өлкөлүк авиакомпаниялардын өкүлдөрү кызматташтыктын келечектерин жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашат. Кыргызстандан барган делегациянын өкүлдөрүнүн айтымында, "Манас" аэропорту  Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда туристтерди ташууда келечеги чоң экендигине ишенишет.

Ташкент шаарында, Кыргызстандын делегациясы Өзбекстандык өнөктөштөрү менен бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрүп, авиа каттамдарды кеңейтүү боюнча бир нече келечектүү долбоорлорду талкуулап келишти.

http://kabar.kg/news/aeroport-manas-gotov-prodvigat-kompleksnye-tury-v-tca/