02.03.20

2020-жылдын аягында, Бишкекте таштанды иштетүүчү жана иргөөчү завод ишке берилгени турат. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында, Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди.

Вице-мэрдин билдирүүсү боюнча, 18-март күнү Бишкек мэриясы сметалык наркы 6 миллион еврого бааланган, таштандыларды сорттоо боюнча заводдун курулушуна тендер жарыяламакчы.

Мирлан Амантуров: "Завод  декабрь айында иштеп баштайт, бардыгы болуп 22 миллион евро каражаты каралган. Анын 9 миллион евросун, биз кайра иштетүүгө жараксыз болуп калган калдыктар үчүн жаңы таштанды полигонун курууга сарптаганы турабыз"-деп билдирди.

 https://24.kg/obschestvo/145178_vkontse_2020_goda_vbishkeke_zapustyat_zavod_popererabotke_musora/