09.03.20

2020-жылдын 6-март күнү, Кыргызстандын Түркия Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар боюнча кеңешине (DEİK) караштуу, Түркия-Кыргызстан  ишкерлер кеңешинин  жаңы шайланган жетекчиси Айдын Мыстачоглу менен жолугушту.

Бул тууралуу, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   

Жолугушуунун жүрүшүндө, Айдын Мыстачоглу  Түркия-Кыргызcтан ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү менен тааныштырды жана кеңештин ишмердүүлүгү туурасында маалымат берди.
Тараптар, Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнү талкуулашты. Элчи Кубанычбек Өмүралиев, Түркия-Кыргызстан ишкерлер кеңешинин мүчөлөрүнө Кыргызстандын экономикасына инвестиция алып келүүгө көмөк көрсөтүүсүн жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоого чакырды.

Кубанычбек Өмүралиев Түркиялык ишкерлерди, 2020-жылы  Ысык-Көл облусунда өтүүсү белгиленип жаткан, Кыргызстан-Түркия бизнес-форумуна катышууга чакырды.

https://www.tazabek.kg/news:1601589?from=tazabek&place=last-list