09.03.20

Бишкек шаарынын мэриясы 2020-жылы 100 даана электробустарды сатып алууну пландаштырууда.

Бишкек шаардык автотранспорт ишканасынын директору Нурлан Койчубаковдун айтымында, электробустарды сатып алуу инвестициялык (лизинг) жана кредиттик каражаттардын эсебинен сатылып алынмакчы.

Нурлан Койчубаков: "Лизинг менен биз 50 же 55 даана электробус сатып алууну пландап жатабыз. Ал эми, калган электробус унааларын кредитке сатып алуу үчүн Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ)  менен тыгыз иштешип жатабыз. Жакында эле Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) өкүлдөрү келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кетишти. Алар электробустарды сатып алуу үчүн бизге 70 миллион доллар насыя берүүгө даяр. 2020-жылдын күз айларында, акыркы чечим кабыл алынып, насыяны алабыз  деп үмүттөнүп турабыз"-деп билдирди автотранспорт ишканасынын директору.

http://kg.akipress.org/news:1601681?from=portal&place=last&b=1