12.03.20

Кыргызстандын курулуш тармагына 2019-жылы салынган инвестициялардын көлөмү 161 млрд 790,8 млн сомду түзгөн.

Бул тууралуу, 12-март күнү Мамлекеттик курулуштун архитектура жана техникалык башкармалыгынын башчысы Уланбек Калманбетов Бишкекте өткөн пресс-конференциянын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, бул тармактын өсүү темпи 105,8% пайызды  түзгөн. Ошондой эле,  курулуш тармагынын жалпы ички дүң продукциясы 171 миллиард 887,8 миллион сомду түзүп, 110,6% пайызга өскөн.

Уланбек Калманбетов айтымында, 2019-жылы жаңы имараттарды курууга жана оңдоп түздөөгө муктаж болгон мекемелердин капиталдык ремонтуна республикалык бюджеттин эсебинен 2 млрд 696 миллион 865,4 миң сом каражат коротулган. Эскерте кетсек, өткөн 2019-жылы мамлекеттин эсебинен 398 социалдык-маданий багыттагы  объектилер оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн.

https://www.tazabek.kg/news:1602379?from=tazabek&place=mainlast