13.03.20

Бишкек шаарында, Орто Азияда эң алдынкы заманбап  "Кыргыз-Түрк достугу" ооруканасы ачылуу алдында турат.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм минстрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координациялоо  башкармалыгынын (TIKA) Бишкектеги өкүлчүлүгү тарабынан Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында  курулган заманбап ооруканада көп санданган адамдарга жумуш оруну түзүлмөкчү. Баардык жабдыктары жана курулуш материалдары Түркиядан  алынып келинип курулган оорукана 51 жатак орундан, лабороториялар, 2 даана операциялык бөлүм, 3 даана реанимациялык бөлүмдөн турат.

Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга заманбап оорукана куруп берүү тууралуу айткан сөзүнүн негизинде куруш иштери башталган болучу. Оорукана кыска аралыкта, тагыраагы 15 айдын ичинде курулуп бүткөрүлдү.

Болжол менен 12 миң метр квадрат аянтты ээлеген оорукана кардиология, жалпы хирургия, реанимация, гастроэнтрология, диагноз жана дарылоо кызматтарын көргөзмөкчү. 

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координаторлугунун көмөгү менен бул жылдын ичинде курулган оорукана, заманбап медициналык технологиялар менен жабдылган.

http://tr.kabar.kg/news/ti-kan-n-kurdu-u-k-rg-z-turk-dostluk-hastanesi-orta-asyadaki-en-geli-mi-hastane-olacak/