27.03.20
Эл аралык валюта фондунун (МВФ) аткаруу кеңеши коронавирус (COVID-19) пандемиясына каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга $120,9 миллион доллар бөлүп берүүнү жактырды.

Эл аралык валюта фондунун (МВФ) Кыргызстанга ыкчам каржылоо механизми (RFI) аркылуу $80,6 миллион доллар жана тез насыялоо механизмдин алкагында $40,3 миллион доллар бөлдү.
Эл аралык валюта фондуна (МВФ) мүчө өлкөлөр коронавирус (COVID-19) пандемиясы менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү үчүн шашылыш каржылык жардам сурап кайрылган. Бөлүнгөн каражат, Кыргызстандын бийлигине коронавирустан улам келип чыккан төлөм балансынын кечиктирилгис муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо системасынын чыгымдарын жабууга жумшалмакчы.
Эл аралык валюта фондунун (МВФ) башкаруучу директору Кристалина Георгиева: “Эл аралык валюта фондунун (МВФ) берип жаткан жардамы, Кыргызстандын экономикасына болгон ишенимди бекемдөөгө жана короновирус менен байланышкан негизги чыгымдарды каржылоого жардам берет "- деп билдирди.
https://kyrtag.kg/ru/news/mvf-odobril-vydelenie-kyrgyzstanu-120-9-mln-dlya-borby-s-koronavirusom