CA-NEWS (KG) – Новосибирск, Бишкек, Торонто (Канада) жана Йена ( Германия) археологдору Кыргызстандын Алай өрөөнундөгү  мурда изилденбеген  үңкүрдү изилдөөгө киришти. Уникалдуу үңкүр өзүнүн археологиялык параметрлери боюнча окумуштууларга байыркы Борбордук Азиянын тургундары тууралуу көбүрөөк нерсе үйрөнүүгө жардам берет.

Бул тууралуу Новосибирск мамлекеттик университетинин (НМУ) маалыматына шилтеме берип Россиянын ТАСС маалымат агенттиги билдирет.

Басма сөз кызматы билдиргендей, Алай өрөөнүндөгү үңкүр уникалдуу - бул азыркы замандан таш дооруна чейинки бир нече маданий катмарлардан турган аймактагы биринчи уңкүр болуп саналат.

“ Дүйнөнүн бул бөлүгү (азыркы Кыргызстандын территориясы) – Улуу Жибек жолунун жүрөгү. Биз Алай өрөөнүндө уникалдуу үңкүр таптык – азырынча бул аймактын качан жана кантип түптөлгөндүгү тууралуу эч нерсе билбейбиз. Алай өрөөнү 8-11 миң жылдык эстеликтери бар Фергана өрөөнү менен Памирдин ортосунда жайгашкан. Биздин гипотезага ылайык, байыркы адамдардын миграциялык жолдору дал ушул жерден өткөн”, - деген новосибирдик археологдордун командасы менен иштеп жаткан Макс Планк (Йена) институтунун илимий кызматкери Уилльям Тэйлордун сөзүн басма сөз кызматы жарыялаган.

Илимпоздун ою боюнча, кийинчерээк Жибек жолу өткөн багыттарды байыркы адамдар жаныбарлар аркылуу билишкен.

“Балким, Жибек жолунун изи боюнча жаныбарлар менен бирге бийик тоолорго жайында чыккан адам кайра кышкысын кайтып келген. Оюмча, жаныбарлар азык-түлүк издеп жылып отуруп адамдарга ушул багытты көрсөткөн. Бул бир гипотеза, бирок биз уңкүрдү изилдөөнү улантабыз жана Борбордук Азия жашоочулары тууралуу негизги суроолорго жооп табышыбызга үмүт кылабыз ”, - деп белгиледи Тэйлор.

Алай өрөөнүндөгү эл аралык археологдордун группасы үч күн ичинде бардыгы болуп 15 эстелик тапты. Мурда өрөөндү иш жүзундө изилдешкен эмес – ал жердеги жалгыз эстелик совет археологдору тарабынан 1975-жылы табылган.