12.04.20

Кыргызстан короновирус илдетинен улам жабыр тарткан өлкөдөгү ишкерлерге 14 миллиард сом өлчөмүндө насыялык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу, жекшемби күнү маалымат брифинг учурунда  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү ишкердикти колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакети иштелип чыгууда. Эң алды, экономиканын акыркы абалына анализ жүргүзүлүп, эң көп зыян тарткан  тармактар аныкталмакчы.

Эркин Асрандиев: «Биз чекене соода менен алектенген чакан ишканаларды карап жатабыз. Жалпысынан чакан жана орто бизнес тармагына жана ири ишканалардын абалына талдоо жүргүзүлөт. Өлкөнүн салык кызматынын маалыматы боюнча, алардын саны 2 миңден ашуун” – деп билдирди бирифинг учурунда.

Эркин Асрандиевдин айтымында, кредиттик  каржылоо программаларынын долбоорлору иштелип чыгууда. Насыяны кайтаруу мөөнөттөрү жана суммалары боюнча ар кандай варианттары жана шарттары каралып жаткан учуру.

http://kabar.kg/news/asrandiev-rasskazal-kak-budut-okazyvat-podderzhku-biznesu-na-eti-tceli-izyskano-14-mlrd-somov/