13.04.20

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТİКА) Кыргызстандагы муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жардамын көрсөттү.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТİКА) Кыргызстандагы координаторлугу Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай Коомуна 400 коробка азык-түлүк, ошондой эле дезинфекциялоочу каражаттарды тапшырды.

Бишкек шаарында жайгашкан, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA) тарабынан берилген гуманитардык жардамынын ичинде макарон, күн карама майы, күрүч, томат пастасы, кургатылган сүт порошогу, чай жана шекерден турган күндөлүк керектелүүчү азыктардан турат.

Ошондой эле, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA), Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай уюмунун жумушчулары жана ыктыярчыларын, вирустан коргоочу кийимдер, көз айнек, кол кап жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылды.

Өз кезегинде, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Кыргызстандагы координатору Али Муслу мырза, бир тууган жана боордош өлкөлөргө коронавирус (COVID-19) илдетине каршы туруу үчүн жардам берүү маанилүү экендигин белгилеп келип: «Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TIKA), коронавирус (COVID-19) илдетине каршы күрөшүүнүн алкагында жардамга муктаж адамдарга жардам берүүсүн улантат. Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилген. Ошого байланыштуу, гуманитардык жардам биздин агентигибиз аркылуу Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай уюмуна өткөрүлүп берилди» - деп билдирди.

Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай уюмунун вице-президенти Чыңгыз Жакыпов, Түркияга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA) Кыргызстанда 1992-жылдан бери билим берүү, маданыят, экономика, соода, техника, социалдык тармактарында көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келет.

https://www.aa.com.tr/ru/коронавирус/турция-оказала-помощь-нуждающимся-в-кыргызстане-на-фоне-сovid-19/1802907