15.04.20

Түркия жана Кыргызстан ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишим 2018-жылдын 9-апрель күнү, президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий сапары учурунда кол коюлган. Түркиянын парламентинин ратификациясынан өткөн келишимге, 2020-жылдын 7-апрель күнү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кол койду.

Түркия менен кол коюлган социалдык камсыздоо боюнча келишимге ылайык, эки өлкөдө эмгек визасы менен иштеп, камсыздандыруу акысын төлөгөн жарандар эки өлкөдөн тең пенсия алышат. Түркиянын эмгек мыйзамына ылайык 30 жаштагы мигрант аял, эмгек визасы менен 7,200 иш күнүн иштеп толтурганда гана пенсия алууга укуктуу болот. Онлайн пенсия акысын эсептөөчү сайттардын биринин эсеби боюнча, мисалы, 30 жаштагы аял 2019-жылы расмий иштей баштаса, ал 61 жашка келгенде Түркиядан пенсия ала баштайт. Эркектердики андан да узагыраак.

Түркиянын жарандары үчүн 25 жыл үзгүлтүксүз стажга ээ болгон эркектерге 60 жашынан, аялдарга 20 жылдык стаж үчүн 58 жашка жеткенде пенсия чегерилет. Түркия 26 өлкөнүн тиешелүү министрликтери менен коомдук коопсуздук келишимине кол койгон өлкө болуп эсептелет.

Түркияда 35 миңден ашык кыргызстандык катталган. Бирок 2019-жылы 2,669 гана кыргызстандык расмий эмгек визасы менен иштеп, Түркиянын Миграция департаментине каттоого турган.

https://www.azattyk.org/a/30555559.html