25.04.20

Кыргызстандын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Токмок шаарындагы сүт иштетүүчү заводдун иши менен таанышып келди.

Премьер-министр бул заводдун уникалдуу тарыхы бар экендигин жана өндүрүштү ишке киргизүү маанилүү окуя экендигин белгилеп келип: «Ишкана 1974-жылы курулган жана бай тарыхы бар. СССР кулагандан кийин заводдогу иш токтоп калган болчу. Бүгүнкү күндө, инвесторлордун жардамы менен сүт заводу кайрадан иштеп жатканына абдан кубанычтамын. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 250 тонна сүттү кайра иштетүүгө жетет. Ал эми, айына 5 миң тонна даяр продукцияны чыгарууга, анын 90% пайызы экспортко чыгарылат. Заводдо жогорку сапаттагы продукцияларды жана коопсуздукту камсыз кылган европалык алдыңкы технологиялар колдонулат» - деп билдирди.

Өкмөт башчысы  май, катуу сыр, кургатылган сүт  жана сүт куюучу цехтердин иши менен таанышып чыкты.

Эскерте кетсек, азыркы учурда заводдо жүзгө жакын кызматкер иштейт. Өндүрүш толук кандуу ишке кириши менен заводдо дагы 600 жумушчу орундары түзүлмөкчү. Бүгүнкү күнгө чейин, ишканага 1,5 миллион доллардан ашык инвестиция салынды. Заводдун имараттары  оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп,  жабдууларды жаңыртылган.

https://www.akchabar.kg/ru/news/rkfr-rassmatrivaet-podderzhku-zavoda-po-pererabotke-moloka-v-tokmoke/