27.04.20

Кыргыз Республикасынын Түштүк Корея Республикасындагы толук ыйгарымдуу элчиси Динара Кемелова, Түштүк Кореянын  “T’Way” авиакомпаниясынын  президенти Янг Хон Гён мырза жетектеген делегация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинен билдиришти.

Жолугушууда тараптар, Бишкек - Сеул - Бишкек түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Динара Кемелова, эки өлкөнүн  ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, мындан тышкары, Бишкек шаарынан Япония, Вьетнам, Таиланд жана Түштүк-Чыгыш Азиянын өлкөлөрү менен байланыштырган аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Янг Хонг Кюн мырза,  “T'Way” компаниясы эл аралык 50 ашык аба каттамдарын жасап келгендигин, ушул жылдын аягына чейин Кыргызстандын тиешелүү органдары менен негизги сүйлөшүүлөрдү баштай тургандыгын белгиледи. Ал эми, 2021-жылдын жаз айларынан тарта  аба каттамдарды ишке киргизүү ниетин билдирди.

Тараптар, Кыргыз Республикасы менен Түштүк Кореянын ортосунда түз аба каттамдарынын ачылышы туризмдин өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын кеңейишине түрткү бере тургандыгын белгилешти.

https://www.akchabar.kg/ru/news/kr-i-yuzhnaya-koreya-obsudili-vozmozhnost-otkrytiya-pryamogo-rejsa/