29.04.20

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 28-апрель күнү, оперативдүү штабдын отурумунда, өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү этабы менен калыбына келтирүү боюнча план иштелип чыккандыгын билдирди. Өкмөт башчысынын айтымында, план эпидемиологиялык кырдаалдын эрежелерин так сактоо менен иштелип чыккан.

2020-жылдын 1-май күнүнөн  тарта, айрым өндүрүш жана кызмат көргөзүүчү ишканаларга иштөөгө уруксат берилет. Бирок, кызмат көргөзүүчү ишканалар калың элдин топтолуусун алдын алуу максатында, алдын ала жазылуу жолу менен гана кызмат көрсөтүшөт.  Аларга: авто унааларды оңдоо жана техникалык тейлөө, курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу, сулуулук салондору, кездемелерди жана аксессуарларды дүңүнөн сатып иштеген соода түйүндөрү  кирет.

Мындан тышкары, алыскы кыштактарда дыйкандарга жардам көрсөтүү үчүн мал базарларынын иштөөсүнө дагы уруксат берилет.

https://centralasia.news/6575-vlasti-kyrgyzstana-razrabotali-plan-pojetapnogo-vozobnovlenija-dejatelnosti-jekonomiki.html