13.05.20

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкек шаарында жайгашкан өкүлчүлүгү тарабынан, Кыргызстандагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө дагы бир жолу азык-түлүк жардамын бергендиги маалым болду.

Түркия Республикасынын Бишкек шаарындагы элчилигинин массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө:

Азыркы учурда башыбыздан өткөрүп жаткан оор күндөрдө, Кыргызстандык бир туугандарыбызга жана Кыргызстанда жашап жатышкан жарандарыбызга үзгүлтүксүз жардам берүүбүз уланууда.

Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине караштуу, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) жана  Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ошондой эле, кээ бир кайрымдуулук фонддору менен биргеликте, коронавирус (COVID-19) илдетинен жапа чеккен, жардамга муктаждар үчүн “Рамазан айы” жардам берүү акциясы уюштурулууда. Ушул акциянын алкагында, бүткүл Кыргызстандын аймагында жашаган 7000 кары-картаң, мүмкүнчүлүгү чектелген жана оор шарттарда жашаган, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, ичинде гигиеналык каражаттар болгон азык-түлүк кутусу таратылып берилүүдө” - деп маалымдалат.