15.05.2020

Дүйнөлүк банк (ДБ)  Борбордук Азия өлкөлөрүнө, коронавируска (COVID-19) каршы күрөшүү үчүн 370 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Бул тууралуу, Дүйнөлүк банктын (ДБ) Өзбекстанда жайгашкан өкүлчүлүгүнөн  билдиришкен.

Аталган банктын, Борбордук Азиядагы аймактык мүдүрү Лилия Бурунчук, онлайн-брифинг учурунда: «Дүйнөлүк банк (ДБ) тез арада коронавирус (COVID-19) пандемиясына каршы күрөшүү үчүн акча каражаттарын бөлүштүрүү иштерин баштады. Борбордук Азия мамлекеттеринин өкмөттөрү менен биргеликте өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо тармагын чыңдоо жана коронавирус (COVID-19) илдетинин экономикага тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн кошумча каражат бөлүп берүү дагы каралган. Ал үчүн биздин Борбордук Азиядагы, аймактык инвестициялык портфелибизден жалпысынан 9,7 миллиард доллар акча каражатын бөлүштүрүүнү  карап жатабыз" - деп билдирди.

Берилген каражаттарга, маанилүү медициналык жабдуулар, анын ичинде тестирлөөчү каражаттар, лабораториялык реагенттер, реанимация бөлүмдөрү үчүн жабдуулар, ошондой эле медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуучу жабдыктарын сатып алууга жумшалмакчы.

Үстүбүздөгү жылдын 14-май күнүнө чейин, Дүйнөлүк банк (ДБ)  Өзбекстанга 95 миллион доллар бөлүп берген. Бул каражаттар, улуттук саламаттыкты сактоо системасын жакшыртууга, ошондой эле пандемиядан келип чыккан экономикалык кризистен жабыр тарткан калктын аз камсыз болгон катмарына колдоо көрсөтүүгө багытталган. Дүйнөлүк банк (ДБ)   ошондой эле коронавирус (COVID-19) пандемиясынын  социалдык-экономикалык кесепеттерин жеңилдетүү үчүн өкмөттүн кризиске каршы программасынын алкагында, чыгымдардын күтүүсүз көбөйүшүнөн улам, бюджетке кошумча жардам ирээтинде 200 миллион доллар бөлгөн. Мындан тышкары, Өзбекстанда тез медициналык жардам системасын жакшыртуу долбоорунун алкагында 17 миллион доллар берилген. Анын жардамы менен өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, рентген аппараттары, инфузиялык насостор, тестирлөөчү каражаттар жана инфекцияны жуктурган бейтаптардын ден-соолугун көзөмөлдөөчү жабдыктар алынган.

http://avesta.tj/2020/05/15/vsemirnyj-bank-predostavil-bolee-370-mln-stranam-tsentralnoj-azii-na-borbu-s-koronavirusom/