18.05.20

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координаторлугу Рамазан айында, коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында дагы 7.000 үй-бүлөгө азык-түлүк жана медициналык каражаттар түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу, ведомствосунун расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүдө айтылгандай, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Рамазан айында коронавирустан улам киргизилген  чектөөлөргө байланыштуу ишке чыга албаган, тамак-аш жана гигиена каражаттарына муктаж болгондорго жардам берүү жөнүндө жарыяланган болучу.

Маска жана антисептик эритмеси камтылган жана азык-түлүк салынган 4.600 даана пакеттер даярдалып, Рамазан айында муктаж болгондорго бөлүштүрүү үчүн Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жеткирилген.

Министрликтин короосундагы тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров: «Мен коронавирус илдети менен күрөшүүдө, Кыргызстанга Рамазан айында жардам берген Түркиянын элине ыраазычылык билдиремин. Рамазан айында муктаж болгон үй-бүлөлөргө жана кары адамдарга жардам берүүгө шашылганы үчүн Түркия мамлекетине ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ыраазычылык билдирем. Азыр Рамазан айы бүткөндөн кийин, дүйнөнүн көп жерлеринде майрамды жакшы маанайда тосуу күтүлүүдө. Ушул куттуу Рамазан айында боордош Түркия элине тынчтык жана бакыт каалайм. Ошондой эле Рамазан майрамынын жакшылыкка себеп болушун каалайм» – деп билдирди. Министр Улукбек Кочкоров, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА)  тарабынан берилген азык-түлүк жардамы эпидемиянын кесепетинен тамак-аш табууда кыйынчылыктарга туш болгон үй-бүлөлөргө бериле тургандыгын белгиледи.

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координатору Али Муслу: «Түркия катары биз дүйнөлүк эпидемиядан келип чыккан экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө боордош жана достук мамиледе болгон өлкөлөрдүн тарабында болобуз. Бүгүн биз бул жерге жалпы жонунан маска жана антисептиктер камтылган 7.000 даана азык-түлүк посылкасын жеткирип беребиз. Алардын ичинен 4.600 даанасы, Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги аркылуу бөлүштүрүлөт. Ал эми, калган 2.400 азык-түлүк посылкасы  фонддор жана бирикмелер тарабынан бөлүштүрүлөт» - деп билдирди.

Коронавирус эпидемиясынын алгачкы күндөрүнөн тартып, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Кыргызстандагы айрым ооруканаларга медициналык коргонуу каражаттарын берген. Аларга: 3.000 маска, 3.000 кол кап, 500 коргонуучу кийим, 500 көз айнек жана 1.000 антисептиктер бар жардам көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте 500 үй-бүлөгө, тамак-аш жана гигиена каражаттары таратылган. Ошондой эле,  Бишкектеги “Кыргыз-Түрк достук” ооруканасын эпидемияга каршы күрөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган болучу. 2020-жылдын 13-май күнү, кары картаң, мүмкүнчүлүгү чектелген адамга жана аз камсыз болгон 7.000  үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана медициналык каражаттарын таратып берген.

https://www.tika.gov.tr/tr/haber/tika%27dan_kirgizistan%27da_7_000_aileye_gida_yardimi-57418