20.05.20

20-май күнү Ош шаарында, Өзбекстандан Кыргызстанга жиберилген гуманитардык жардамдын экинчи партиясын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын атынан Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов гуманитардык жардамды, Ош облусундагы Кыргыз өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевге  тапшырып берди.

Гуманитардык жардамда медициналык керебеттер (440 даана), электрондук пирометрлер (1000 даана), коргоо шаймандары (2500 даана), медициналык кол каптар (150 миң даана), ошондой эле медициналык маскалар (150 миң даана) бар. Жардамдын жалпы суммасы 248 миң долларды түзгөн.

https://kg.akipress.org/news:1619571