20.05.20

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги 2020-жылдын 20-май күнү тараткан  маалыматта, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкек шаарында жайгашкан өкүлчүлүгү тарабынан, жаңы бала бакча курулуп бүткөрүлгөндүгү маалым болду.

Бала бакча, Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Кара-Буура району аймагындагы Сатыкей айылына курулган.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта: «Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкек шаарында жайгашкан өкүлчүлүгү тарабынан, Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Кара-Буура району аймагындагы Сатыкей айылына курулган бала бакча, келечекте Манас атанын неберелеринин билим алуусу үчүн кызмат кылууга даяр»- деп айтылат.