21.05.20

Кыргызстандык «UBS транзит» жана Түркиянын “Arkas Logistic” компаниясы, Түркиядан Кыргызстанга темир жолу жана деңиз аркылуу товар жеткирүүнүн жаңы мультимодалдык каттамын (бир канча унаа колдонулган маршрутту мультимодалдык деп аташат) ишке киргизди. 20-май күнү, Ош шаарына жаңы каттам менен 40 контейнердик биринчи товар жеткирилген. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын көмөкчү комитетинин төрагасы жана «UBS транзит» компаниясынын директору, Талант Маткерим уулунун айтымында, темир жолу менен товар ташуу иштери  жеңил эмес. Алгач Түркиядан товарлар темир жолу аркылуу Грузияга келип, андан соң  Азербайжанга кирет. Андан кийин Каспий деңизине келгенде кемеге жүктөлүп Түркмөнстанга жеткирилет. Кайра ал жерден поезддерге жүктөлүп, Өзбекстандын темир жолдору аркылуу товарлар, Кыргызстандын түштүк борбору Ош шаарына жеткирилет.

Талант Маткерим уулу: “Мурда биз товарларды жалаң гана автомобиль жолдор менен ташып жүрчүбүз. Бирок, белгилүү себептерден улам, коронавирус илдетине (COVID-19) байланышкан проблемалардан улам, чек араларды кесип өтүүдө, ишкерлер чоң чыгымга учурады. Мультимодалдык транспорттун өнүгүшү, товарлардын жолдо кармалып калуу коркунучун жоюп гана чектелип калбастан, жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Азыркы учурда, аталган жол менен алгачкы 40 контейнер келди, дагы 60 контейнер жолдо келатат. Кыргызстандын экономикасынын абалы, жүк ташуучулардын эффективдүү иш-аракетинен көз каранды экендигин белгилей кетүү керек. Алар азык-түлүктөрдү, керектүү товарларды убагында жеткирип камсыздап жатышат”- деп билдирди.

https://economist.kg/2020/05/21/tovary-iz-turcii-budut-dostavlyat-po-novomu-multimodalnomu-marshrutu-v-obhod-kazahstana/