30.05.20

Өзбекстан Кыргызстанга медициналык каражаттардан  турган гуманитардык жардамын жиберди. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тапшыруу аземи 30-май күнү Ош шаарында болуп өттү. Гуманитардык жардам төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • 1000 тонна ун;
  • 60 тонна гипохлорид;
  • 2500 даана бир жолу колдонулуучу респиратор;
  • 2500 даана коргоочу костюм;
  • 5000 жуп кол кап;
  • 5000 даана медициналык маскалар;

Пандемия учурунда, Өзбекстан Кыргызстанга экинчи жолу гуманитардык жардам көрсөтүп жатат. Алгачкы жүктөр апрель айынын башында жөнөтүлгөн. Бир айдан кийин, Кыргыз Республикасы Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычынын дамбасына байланышкан  кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн  жардам иретинде, цемент жана азык-түлүк жардамын көрсөткөн болучу.

https://m.ru.sputnik.kg/society/20200530/1048496496/kyrgyzstan-uzbekistan-gumpomoshch.html