19.06.20

Кыргызстандын ата мекендик унаа куруу тармагында жакшы жаңылык, ушул жылдын август айында «Кыргыз унаа курулуш» заводу өлкөдө алгачкы жолу электроавтобустарды чыгарып баштайт. Алгачкы электроавтобустар Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата даярдалат. Аталган заводдун негиздөөчүсү жеке ишкер Нурбек Осмонов болуп эсептелет.

«Кыргыз унаа курулуш» заводунун жетекчиси Өмүрбек Жолдошов ата мекендик унааларды куруу идеясы, Нурбек Осмоновго таандык экенин белгилеп өттү. Ал заводду куруу үчүн 4 жыл Европада изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн билдирди.

Өмүрбек Жолдошов: «Кыргыз унаа курулуш» заводу көп тармактуу болуп саналат. 2014-жылы Европада, Японияда көптөгөн заводдорду кыдырып, ошондой заводдорду Кыргызстанда ачсак деген пландар болгон. Негизги максатыбыз, Кыргызстанда жумуш орундарын түзүү. Ошону менен катар эле Кыргызстанда заманбап заводдор жок болгонуна ичибиз ачышып, өлкөдө соңку технологиялар менен жабдылган завод ачсак деп 2014-жылдан бери пландап келгенбиз. 2018-жылы ушул заводду куруп баштаганбыз. Бул завод 2 жылда курулуп бүттү. Быйыл май айынан баштап иштеп баштады. Азыркы күндө, заводдон гидротурбиналар, генераторлор, насостор жана айыл чарба тармагына тиешелүү тетиктер, жеңил жана оор өнөр жайга тиешелүү шаймандары дагы чыгарылат. Ал эми, эң негизги максатыбыз, ушул заводдон электроунааларды, электроавтобустарды чогултуп, чыгаруу. Бүгүнкү күндө, электроавтобус чогултулуп жатат. Өзүбүздүн конструктордук бюробузда инженерлер бардык жагын тууралап, долбоорлорун өзүбүз жасаганбыз. Кудай буюрса ушул жылдын август айында биринчи электроавтобус даяр болот. Биринчи электроавтобусту 31-август  Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө, элге кубаныч тартуулоо максатында чыгарганы турабыз», - деп билдирди.

Бүгүнкү күндө, электроавтобус чыгаруучу заводдун экинчи бөлүгүнүн курулуш иштери башталган.

Өмүрбек Жолдошовдун айтымында, Заводдо азыр 300-500 адам иштейт. Ал эми, заводдун экинчи бөлүгүнүн курулуш иштери аягына чыккан соң, дагы  ал жакта 4 миңден 5 миңге чейин адам иштемекчи. Электроавтобустарды сатуу боюнча да абдан көп изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Электроавтобустар Япониянын бренди менен эмес Кыргызстандын бренд менен чыгат. Унаалардын баалары ички жана сырткы рынокто бирдей болмокчу. Азыр чогултулуп жаткан электроавтобустун 70-80 пайызы заводдун өзүндө жасалмакчы. Ал эми, тетиктеринин 30-20 пайызын Япония жана Германиядан алынып келинет. Учурда электроавтобустун баасы аныктала элек. Болжол менен дүйнөлүк баадан арзаныраак болот деп болжонууда.

http://www.turmush.kg/news:403010?fbclid=IwAR0bH4Cv7kQTOKS7w0KJ_jOo-aK-BJTYF_zjvB0647pVk69OgayD1r5Anqo