01.07.20

Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) Ош облусунун дарыгерлерине 3 миллион 300 миң сомго (41 миң доллар) бааланган медициналык коргонуучу шаймандарын тапшырды. Бул тууралуу, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Медициналык коргоочу жабдыктарын тапшыруу аземине, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махмадов катышты. Облустун өкүлү, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС)  көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Гуманитардык жардам катары келген, комбинезон, медициналык маскалар, кол каптар, антисептиктер, көз айнектер жана башка медициналык коргонуу шаймандары, Ош облусуна караштуу 88 айылдык аймактарга, 108 даана үй-бүлөлүк медицина борборлоруна, 292 даана фельдшердик акушердик пунктарга (ФАП) жана аймактык ооруканалардын дарыгерлерине таратылып берилмекчи.

http://kabar.kg/news/aris-peredala-vracham-oshskoi-oblasti-meditcinskie-zashchitnye-sredstva-na-3-3-mln-somov/