15.07.20

Кыргызстанда оор эпидемиологиялык кырдаал кескин курчуп коронавирусту жуктуруп алгандардын санынын кескин көбөйүшү жана медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда.  Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана Анкарада жеке клиникада иштеген мекендешибиз доктор Эркин Исмаил менен бирге, Кыргызстандын ооруканаларында иштөө үчүн Түркияда ординатураны өтүп иштеп жаткан 18 кыргызстандыктардан турган медициналык кызматкерлердин тобун түздү.

Түркиянын тийиштүү министрликтери менен биргеликте, Кыргызстандын  элчилиги медициналык кызматкерлердин Кыргызстанга барышына уруксат алуу маселесин чечип беришти.

Медициналык кызматкерлер Кыргызстанга “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын чартердик рейси менен 2020-жылдын 15-июлунда жөнөтүлөт. Авиабилеттерди сатып алууга жана Кыргызстанда жашоого кеткен чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнмөкчү.

https://mfa.gov.kg/kg/dm/posolstvo-kyrgyzskoy-respubliki-v-tureckoy-respublike/news/7506