21.07.20

Түркия тарабынан Кыргызстанга белекке берилген жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкектеги координаторлугунун басма сөз кызматы билдирди.

Түркия тарабынан Кыргызстанга 2020-жылдын 15-июль күнү «Түрк аба жолдору» компаниясы менен гуманитардык жардам жиберилген болчу. Ушул жиберилген жардамдардын ичинде Түркияда өндүрүлгөн «Biosis» аттуу 20 даана дем алдыруучу аппарат да бар болчу.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкектеги координаторлугу тарабынан Бишкек кыргыз-түрк достук ооруканасында коронавирус бейтаптары үчүн колдонулуп жаткан жасалма дем алдыруу аппараттар жана Түркия Республикасынын Президенттик Аппараты тарабынан Кыргызстанга белекке берилген «Biosis» аттуу жаңы жасалма дем алдыруу аппараттарды колдонуу боюнча семинар өткөрүлдү.

Түркия тарабынан Кыргызстанга белекке берилген «Biosis» аттуу дем алдыруучу аппарат бул улуттук технологиялык кыймыл менен 2 айдын ичинде Түркиялык инженерлер тарабынан өндүрүлүп, 2020-жылдын 2-март күнү аппараттын таанытуу программасы өткөрүлгөн болчу.