28.07.20

Ирандын, Афганстан, Тажикстан, Кыргызстан мамлекеттеринин ортосунда, социалдык-экономикалык байланыштарды жакшыртуу максатында транзиттик коридор ачылып, пайдаланууга берилди.

Бул транзиттик жол, Ирандын Борбор Азия өлкөлөрүнө жана бул өлкөлөрдөн Иранга жүк ташуучу альтернативалык жол болуп калмакчы.

Ирандын Бажы кызматынын, башкы директору Мустафа Аятынын берген маалыматына караганда, транспорттук коридор Ирандан тартып, Афганстан, Тажикстан жана Кыргызстанга товар ташып каттай турган болуп, расмий түрдө ачылды.

Мустафа Аяты белгилегендей, бул каттам айдоочулардын убактысын эле эмес, ошол эле кезде транспорттук чыгымдарын дагы кыскартат. Ошондой эле, Эл аралык транзиттик товарлар үчүн берилген бажы документтеринин атайын китепчеси экспортерлор үчүн абдан ыңгайлуу да болот. Анткени ал китепче менен чек арадан өтүүдө бир топ жеңилдетилген шарттар каралган.

Аталган транзиттик коридор аркылуу Ирандын алгачкы беш оор жүк ташуучу автоунаалары, Афганстан аркылуу Тажикстанга жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, аталган Иран-Афганстан-Тажикстан-Кыргызстан жолу буга чейин, Түркмөнстан тарап Тажикстан менен болгон бардык чек араларын жаап салгандан кийин ачылды. Түркмөн бийлиги мындай кадамга эмне себептен барганы азырынча белгисиз.

http://kg.eurasiatoday.ru/latest-news/28-breaking-news/315-иран-ооганстан-тажикистан-кыргызстан-транзиттик-альтернативалык-жолу-расмий-ачылды.html