28.07.20

Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлиги, өлкөдө  коронавирус илдетин  аныктоочу тест-системасын массалык түрдө  өндүрүү иштери башталды деп билдирет.

Инновациялык өнүгүү министрлиги тараткан маалыматта: “Инновациялык өнүгүү министрлигине караштуу “Алдыңкы технологиялар борборунун” окумуштуулары тарабынан коронавирус илдетин  сапаттуу аныктоо үчүн «Biotest-SARS-CoV-2» аталышындагы тест-системасы иштелип чыккан”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми, тест-системасын массалык түрдө өндүрүү иштерин  “Алдыңкы Технологиялар Борборунун” алдындагы жоопкерчилиги чектелген (ЖЧК) «Biotest-LAB» атуу компаниясы ишке ашырмакчы.

Инновациялык өнүгүү министрлиги тараткан маалыматта: “Эгерде өлкөдө тест-системасына  болгон суроо-талап күнүнө 20 миң даананы түзсө, анда «Biotest-LAB» компаниясы айына 500 миң даана тест-системасын  өндүрүп жалпы өлкөнүн керектөөсүн камсыздай алат” – деп белгиленет билдирүүдө.

https://centralasia.media/news:1635318