29.07.20

Түркия-Кыргызстан ишкерлеринин Маданият өз ара жардамдашуу жана достук ассоциациясына (ТҮКИД) мүчө түркиялык ишкерлер тарабынан, Кыргызстанга кычкылтек концентратор аппараттарын сатып алынгандыгын жана гуманитардык жардам көрсөтүлгөндүгү маалымдалды. Бул тууралуу, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркия-Кыргызстан ишкерлеринин Маданият өз ара жардамдашуу жана достук ассоциациясына (ТҮКИД) мүчө болгон түркиялык ишкерлер, «Ата Групп» компаниясы тарабынан, Чүй облусунун Сокулук районундагы мамлекеттик ооруканага 10 даана кычкылтек концентратору жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн «Ата Групп» компаниясы өзүнүн продукциялары менен бөлүшүп жардам көргөзүшкөндүгү билдирилди.

Элчиликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта “Түрк боордоштордун мындай кыйын учурда, Кыргыз бир туугандарга болгон жардамдарын улантууда. Биз муну урматтоо менен билдиребиз” - деп белгиленет.

Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилиги.