29.07.20

Түркиялык «Башхан агрардык өндүрүү жана сатуу» компаниясы тарабынан, Кыргызстанга тез жардам унаалары жана кычкылтек концентратор аппараттарын сатып алынгандыгы маалымдалды. Бул тууралуу, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркия-Кыргызстан ишкерлеринин Маданият өз ара жардамдашуу  жана достук ассоциациясына (ТҮКИД) мүчө түркиялык «Башхан агрардык өндүрүү, сатуу жана сырткы соода» компаниясы тарабынан, Кыргызстанга 2 даана тез жардам унаасы жана 100 даана кычкылтек концентратор аппараттары сатып алынгандыгы маалымдалды.

Элчиликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Кыргыз бир туугандарыбызга бул кыйын учурда жардам берген «Башхан агрардык өндүрүү, сатуу жана сырткы соода» компаниясынын директору Хүсаметтин Мемиш мырзага жана ал жетекчилик кылган компанияга караштуу «Дан Агро» фирмасына терең ыраазычылык билдиребиз” - деп маалымдалат.

Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилиги