30.07.20

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координаторлугу менен Түркия-Кыргызстан ишкерлеринин Маданият өз ара жардамдашуу жана достук ассоциациясына (ТҮКИД) мүчө түркиялык ишкерлер тарабынан, Кыргызстанга кычкылтек концентратор аппараттарын сатып алынгандыгы маалымдалды. Бул тууралуу, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координаторлугу, Түркия-Кыргызстан ишкерлеринин Маданият өз ара жардамдашуу жана достук ассоциациясы (ТҮКИД) жана «Башхан агрардык өндүрүү, сатуу жана сырткы соода» компаниясына караштуу «Дан Агро» фирмасынын көмөгү менен Бишкектеги улуттук ооруканага, Чүй облусундагы Жайыл районундагы Сары-Коо айылындагы стационардык ооруканага жана Бишкектеги муниципалдык наабайканасында утурумдуу жайгаштырылган стационардык ооруканага кычкылтек концентратор аппараттары сатып алынгандыгы билдирилди.

Элчиликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Түркиянын дос жана бир тууганы Кыргызстанга болгон жардамдары улантылып жатат” - деп билдирилет.

Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилиги