27.08.20

Түркия Республикасынын мамлекеттик радио теле каланы-ТРТ тарабынан Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы-КТРКга медициналык жардам жибергилгендиги маалымдалды. Бул тууралуу, ТРТ Аваз каналы билдирди.

Түркия Республикасынын мамлекеттик радио теле каланы (ТРТ) тарабынан коронавирус илдети менен күрөшүү максатында медициналык каражат сураган, Кыргызстандын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы КТРКга 2020-жылдын 27-август күнү, вирустан коргоочу медициналык каражат жиберилди. Жиберилген медициналык жардамдар, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинде уюштурулган азем менен КТРКнын  өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

ТРТнын медициналык жардамынын эки мамлекет үчүн аябай маанилүү экендигин баса белгилеген Түркия Республикасынын Бишкектеги толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат мырза: “ТРТ Аваз каналы санариптик платформалар аркылуу Кыргызстанда телеберүүлөрүн улантат. ТРТнын Кыргызстанда байланышта болгон каналдардын башында КТРК мамлекеттик теле каналы турат. Эки каналдын ортосунда кызматташуу келишими дагы бар. Бул жаатта КТРК коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн ТРТдан медициналык жардам суранган болучу. ТРТ бул талапка дароо жооп берип, вирустан коргоочу медициналык жардамын жиберди. ТРТга ыраазычылык билдиребиз”-  деп билдирди.

ТРТ Аваз