10.09.20

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Анжиян айылында, Кыргызстан жана Өзбекстан биргелешкен «Артель электроникс» ишканасы өндүрүшүн кеңейтип, экспортко чыгууну көздөп жатат. Анын ачылышы жөнүндө келишимге, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылы декабрь айында, Өзбекстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген. Бул тууралуу, президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

10-сентябрь күнү, Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында, аталган ишканага барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

«Артель электроникс» ишканасынын коммерциялык мүдүрү Орозбай Атажановдун айтымында, ишкана 2018-жылдан бери иштеп жатат жана тиричилик техникасын өндүрүү, анын ичинде кир жуучу машинаны чогултуу менен алектенет.

Бүгүнкү күндө, ишканада 105 адам иш менен камсыз болгон. Келечекте жумуш орундарынын санын 200 адамга жеткирүү мерчемделген.

Ишкана айына 900 даана кир жуучу машина өндүрөт. Ар бир айда  3 миллион сомго товар сатылып турат. Өндүрүлгөн продукция ички рынокко сатылат, келечекте экспортко чыгаруу пландаштырылган.

2022-жылы аталган ишканадан газ плиталарын, ал эми 2023-жылдан тарта телевизор менен муздаткычтарды өндүрүү мерчемделип жатканы белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан жакынкы коңшу өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосунда биргелешкен өнөр жай ишканаларын түзүү аркылуу товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, аларда чоң экспорттук потенциал бар. Ал эми, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, аны менен продукцияларды бажы тоскоолдуктарысыз, алымдарысыз жеткирүүгө болот.

Эмгек жамааты менен болгон баарлашууда Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча саясаттын негизги багыттары, анда экспорттук дарамети бар ишканаларга чоң көңүл бурула тургандыгы тууралуу айтып берди.

Эске салсак, аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында өлкөнүн каржы институттарынын жеңилдетилген ресурстарынын чоң бөлүгү жер-жерлердеги ишкерлерди колдоого жумшалууда.

https://rus.azattyk.org/a/30831438.html