17.09.20

Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет. Бул акчалай жардам 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында берилүүдө.

Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилиги маалымдагандай, 100 миң доллар каражатка шайлоочуларды идентификациялоочу шайман, автоматтык урна жана монитордон турган жабдыктар сатылып алынат. Ошондой эле Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкектеги өкүлчүлүгү тарабынан кыргызстандык 21 милиция кызматкери "Шайлоо коопсуздугу тууралуу" тренингден өтүштү.

Маалыматка ылайык, ЕККУнун 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоого байкоочулар миссиясынын курамында жана Түрк кеңешинин Эл аралык байкоочу миссиясында түркиялык жарандар катышат.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия катышат. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрдан тарта башталган.

https://www.azattyk.org/a/30843234.html