26.09.20

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда  50 миллион евро капиталы менен “Кыргыз-венгер өнүгүү” фонду түзүлөт. Бул тууралуу, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков  26-сентябрь күнү, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген маегинде билдирди.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстан менен Венгриянын мамилелери жаңы деңгээлге чыгып жатат.

Мамлекет башчысы интервьюсунда 28-29-сентябрь күндөрү, Венгрияга боло турган өзүнүн расмий визитинин алкагында пландалган иш-чаралар тууралуу кеңири айтып берди.

Президент эске салгандай, Кыргызстанга 2018-жылы Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан расмий иш сапары менен келген болучу. Виктор Орбан ошол келишинде, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине, андан кийин Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкан. Визиттин жыйынтыгында, Венгриянын жогорку окуу жайларында кыргыз студенттерине берилген квота  25 орундан 75 орунга  чейин көбөйтүлгөн.

Эки өлкөнүн, 2019-жылы сентябрь айында Бишкек шаарында соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өткөн.

Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү, Премьер-министр Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгрияга расмий визит менен барууга ниеттенип жаткандыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков: «Венгрияга бул чакыруу боюнча жазында бармакпыз. Бирок коронавирус пандемиясынан улам сентябрдын этегине туура келди. Менин алдыдагы иш сапарымдын жыйынтыгы жемиштүү болот деп ишенем. Буйруса, кызматташуу тууралуу дагы бир топ документтерге кол коебуз. Алардын катарында эң негизгиси, бул стратегиялык кызматташтык жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлат. Саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, соода-экономикалык кызматташуу, суу ресурстарын башкаруу жана башка эки тарапка тең кызыкчылык жараткан тармактар боюнча келишимдерге дагы кол коебуз», - деп белгиледи президент.

https://www.azattyk.org/a/30859478.html