28.09.20

Түркиялык «Eti bakır» компаниясы, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Терек-Сай алтын кенин иштетиш үчүн 180 миллион доллар инвестиция салат.

Бул тууралуу, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 28-сентябрь күнү билдирди. Маалыматка ылайык, компаниянын инвестициясынын эсебинен, Терек-Сай айылында кен казуучу ишкана курула баштады.

Терек-Сай айылындагы алтын кен фабрикасынын курулушу, 26-сентябрда премьер-министр Кубатбек Бороновдун жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын катышуусунда башталган. Анда курулуш учурунда миңден ашуун адам иш менен камсыздалары, ишкана эксплуатацияга берилгенде 650 туруктуу жумуш орду түзүлүп, анын 90% пайызы жергиликтүү тургундар болору айтылган.

«Eti Bakir» Түркиядагы «Cengiz Holding» компаниясына карайт.

Чаткалдын Терек-Сай айылындагы Ашуу (Перевальное), Терек жана Тереккандагы кендеринин капиталынын 75% пайызы «Eti bakır» компаниясына, 25% пайызы «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна тиешелүү.

«Кыргызалтын» ишканасынын маалыматына караганда, бул аймактарда жалпы 70 тоннадай алтындын запасы бар.

https://www.azattyk.org/a/30861874.html