23.09.20

Кыргызстанда 2020-жылдын алгачкы 8 айынын (январь-август) ичинде «Кумтор» компаниясы өндүргөн алтын продукциясын кошпогондо,  88 миллиард 317,2 миллион сомго бааланган продукция өндүрүлгөн. Ал эми «Кумтор» компаниясы өндүргөн продукцияны кошкондо, 205 миллиард 626 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу, журналистер үчүн уюштурулган брифинг учурунда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөт башчысынын билдиришинче өлкөдө алтын  өндүрүү 2020-жылы 11,6 % пайызга жогорулаган.

Премьер-министр Кубатбек Боронов: “Кендерди казуу тармагыбыз пандемия маалында үзгүлтүксүз иштеп турду. Жыл башынан бери 8 айдын (январь-август) ичинде,  13 миң  735 килограмм алтын казылып алынды.   Ал эми, өсүш 110,1% пайызды түзгөн. Мындай өсүштү «Кумтор» жана  «Алтынкен» компаниялары камсыз кылышкан”- деп билдирди.

Кубатбек Боронов тоо-кен тармагынан 8 айдын (январь-август)  ичинде өлкө казынасына 10 миллиард 885 миллион 753,3 миң сом салык төлөнгөн. Алардын ичинен, «Кумтор» алтын компаниясы 6 миллиард 133 миллион 424,6 миң сом салык төлөгөн. Мындан тышкары, «Кумтор» компаниясынан башка алтын казуу менен алектенген компаниялардан 1 миллиард 729 миллион 285,5 миң сом салык келип түшкөн деп билдирди.

Азыркы учурда, Кыргызстандын тоо-кен тармагында иштеген ишканалар баардык санитардык эрежелерди сактоо менен иш алып барышууда.

http://kabar.kg/news/v-kyrgyzstane-za-8-mesiatcev-dobyto-bolee-13-7-tonn-zolota-prem-er/