30.09.20

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) “Кыргызстанда үрөн чарбасын өнүктүрүүнү колдоо” долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине айыл-чарба үрөндөрүн тапшырды. Бул тууралуу, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн  көмөгү менен Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат да катышкан тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрь шаршемби күнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу, Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинде болуп өттү.

Айыл-чарба министрлигине, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) баштаткан долбоордун алкагында алынган 5 тонна күздүк буудайдын, 400 килограмм фасолдун, 400 килограм жүгөрүнүн үрөнү жана 5 тонна жер семирткичтер тапшырылып берилди.