CA-NEWS (TJ) –  Британия  Backpacker коому (British Backpacker Society) тарабынан түзүлгөн тизмеде Кыргызстан бешинчи орунду ээлөө менен туризм үчүн эң мыкты беш өлкөнүн катарына кирди.

Бул уюмдун Facebook дагы официалдуу баракчасында маалымдагандай, бул рейтингде жалпысынан 20 өлкө орун алган, анын ичинде КМШ өлкөлөрү да бар. Тизмеде Тажикстан жетинчи, Грузия тогузунчу жана Өзбекстан он тогузунчу орунду ээлешти. British Backpacker Society эл аралык уюму аз таанылган өлкөлөрдү изилдөөгө багытталган туристтик жамаат болуп саналат.