17.11.20

Өзбекстан Кыргызстанга тез курулуучу 2 көчмө оорукана салып берет. Бул тууралуу, “Кабар” агенттиги өткөргөн маалымат жыйынында, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, ал ооруканалар Бишкек шаарында жана Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда курулат.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев: “Бишкекте 200 орундуу жана Кадамжайда 200 орундуу оорукана курулуп, алар керектүү медициналык жабдыктар менен камсыз  болмокчу.

Бишкек шаарына курула турган оорукана Улуттук госпиталдын, ал эми Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда салына турганы,  райондук оорукананын жанына курулмакчы. Учурда курулушчулар ишин баштады”, - деп билдирди.

Эскерте кетсек, Өзбекстан Кыргызстанга 15-ноябрь күнү,  коронавируска каршы күрөшүү боюнча медициналык каражаттардан турган гуманитардык жардам жиберген болучу.

http://kg.kabar.kg/news/zbekstan-kyrgyzstanga-2-k-chm-oorukana-salyp-beret-ministr/