25.11.20

Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги, президент Касым-Жомарт Токаевдин буйругунун негизинде, Кыргызстанга гуманитардык жардам жиберди.  Бул тууралуу, “Центральная Азия” маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанга “Кокчетав-4П” маркасындагы  400 жасалма дем алдыруучу аппарат жана Казакстанда өндүрүлгөн 2 миллион даана беткап жиберген.

Казакстандын “Тыныс” заводунда өндүрүлгөн  “Кокчетав-4П” маркасындагы  жасалма дем алдыруучу аппараттын баасы 328 миллион тенгени түзөт. Ал эми, “Dolce pharm” жана  “Mega pharm” фабрикаларында жасалган медициналык бет каптардын баасы 61 миллион тенгеге барабар.

https://total.kz/ru/news/vneshnyaya_politika/kazahstan_peredal_400_mobilnih_apparatov_ivl_kirgizstanu_date_2020_11_25_16_10_47