23.12.20

Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районунда 22-декабрь күнү, Өзбекстандын каржылык колдоосу менен курулган 200 орундуу жаңы оорукана колдонууга берилди. Бул тууралуу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Оорукананын ачылыш аземине Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Амрилла Иноятов, Кыргызстандын Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Тез курулуучу долбоор менен ишке ашкан оорукана коронавирус инфекциясы жуккандарды дарылоого ыңгайлаштырылып, заманбап үлгүдө салынып, Германиянын техникалык жабдуулары менен жабдылган. Оорукана эки имараттан турат.

Эскерте кетсек, Өзбекстан коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанга медициналык жана гуманитардык жардам берип келет.

https://uz.sputniknews.ru/society/20201223/15663903/V-Kyrgyzstane-otkrylas-bolnitsa-postroennaya-sovmestno-s-Uzbekistanom.html