24.12.20

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 2020-жылдын 22-декабрь күнү, Түркиянын парламентинин Караман провинциясынын депутаттары Режеп Шекер жана Селман Огузхан Эсер, ошондой эле Караман аймагынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мустафа Гөкхан Алкан жана Айыл-чарба палатасынын төрагасы Мехмет Байрам менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө, элчи Кубанычбек Өмүралиев катышуучуларга өлкөдөгү саясий жана экономикалык кырдаал жана 2021-жылдын 10-январында боло турган Кыргызстандын президентин шайлоо жана референдум тууралуу маалымат берди.

Элчи өлкөдөгү инвесторлорду жана ишкерлерди коргоо жана колдоо үчүн көрүлүп жаткан иш чараларды, анын алкагында Кыргызстандын өкмөтүнүн жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилеринин Бишкекте жана аймактарда иштеген Түркиялык ишкерлер менен жолугушканын белгиледи.

Ошондой эле элчи Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, бизнес жүргүзүү шарттары жана ишкерлер үчүн салыктардын азайтылгандыгы тууралуу маалымат берди.

Караман провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын бизнесмендерин 2021-жылы, Ысык-Көл облусунда өтүүсү пландалып жаткан Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргызстан-Түркия өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы “Кыргыз-Түрк бизнес-форумуна” катышууга чакырды.

Тараптар 2020-жылдын 18-22-январында өткөн бизнести өнүктүрүү боюнча экинчи форумдагы макулдашуулардын ишке ашырылуусун, тагыраак айтканда, 2021-жылы Кыргызстанда үчүнчү форумдун өткөрүлүшүн талкуулашты.

Караман провинциясынын депутаты Режеп Шекер экинчи форумда катышкан эки өлкөнүн ишкерлери байланыштарды үзбөй, Кыргызстанда өндүрүштөрдү ачуу боюнча макулдашууларды ишке ашырууга аракет жасап жаткандыгын белгиледи.

Ал ушул жылдын 26-30-декабрында 5 түркиялык ишкерден турган топ менен Кыргызстанга инвестициялоо жана биргелешкен өндүрүштөрдү ачуу максатында, иш сапары менен бара тургандыгын маалымдады. Ошондой эле Режеп Шекер кийинки бизнес-форумду 2021-жылы Кыргызстанда өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

https://mfa.gov.kg/ru/menyu---inostrannoe/novosti/novosti-i-sobytiya/posol-kubanychbek-omuraliev-vstretilsya-s-deputatami-parlamenta-turcii-i-glavami-delovyh-krugov-tureckoy-provincii-karaman