04.01.21

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 2020-жылдын 30-декабрь күнү, Түркиянын президентинин аппаратынын алдындагы, Адам ресурстары боюнча бөлүмүнүн башчысы доцент, доктор Салим Атай мырза менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү жаатында жана өкмөт тарабынан пландаштырылып жаткан реформалар жөнүндө кыскача маалымат берди.

Өз кезегинде Салим Атай мырза, Түркияда акыркы жылдары жүргүзүлгөн реформалар жөнүндө айтып берди. Ал мамлекеттик органдарда иштөө үчүн жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында жаш адистерди тандоодо колдонулган санарип системасы тууралуу презентация жасады.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуучу системага байланышкан кеңири маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар, бул багытта биринчи кезекте, маалымат алуу жана тажрыйба алмашуу максатында, мамлекеттик органдардын тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүүдө кызматташтыкты орнотууга макулдашышты.

https://mfa.gov.kg/ru/osnovnoe-menyu/press-sluzhba/novosti/-posol-kyrgyzskoy-respubliki-v-turcii-kubanychbek-omuraliev-vstretilsya-s-glavoy-ofisa-chelovecheskih-resursov-pri-apparate-prezidenta-turcii-d-rom-salim-ataem