15.01.21

Бишкек шаарынын мээринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Худуш уулу Гидаят  Оруджев менен жолугушту. Бул тууралуу, мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Бишкек шаарынын түштүк тарабына, жаңы достук паркын куруу жана “Көк-Жар” калктуу жаңы конушунда 550 орундуу орто мектептин курулуш маселелерин талкуулашты. Жогорудагы курулуш иштери, Азербайжан мамлекетинин эсебинен ишке ашырылмакчы.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев, эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелери, Кыргызстан жана анын борбор шаары Бишкек үчүн маанилүү экендигин белгилеп өттү. Ал Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртууда, Азербайжандын көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле Азербайжан өлкөсүнүн эсебинен, Бишкек шаарынын түштүк тарабында достук сейил паркы курулмакчы. 5,5 гектар аянтты ээлеген достук сейил паркында, фонтандар жана декоративдик бассейндер, ачык амфитеатр жана балдар үчүн оюн аянтчалары болмокчу.

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэриясы менен Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги менен мындан ары дагы, тыгыз кызматташа тургандыгына терең ишенээрин билдирди.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Бишкек шаардык муниципалитети менен Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги, 550 окуучуга ылайыкташтырылган орто мектептин жана жаңы достук паркынын куруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшкан болучу.

https://kg.akipress.org/news:1675458