18.01.21

Түркиянын Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Стамбул шаарында штаб-квартирасы жайгашкан Дүйнөлүк Ахыска түрктөрүнүн биримдиги  (ДАТҮБ) менен биргеликте, Кыргызстанда жашаган Ахыска түрктөрүнө коронавирус илдетине каршы медициналык гуманитардык жардам  жөнөттү.

Түркиянын Бишкек шаарындагы толук ыйгарымдуу элчисинин орун басары,  Екта Камиль Ноян мырза,  Кыргызстандагы Ахыска түрктөрүнүн бирикмесинин өкүлдөрүнө, 20 миң  даана хирургиялык маска, 1200 даана N 95 маркасындагы маска, 1500 даана коргонуучу комбинезон, 7 даана термометр, 1 даана респиратордук аппарат, 200 даана дезинфекциялоочу каражаттар, 115 даана дары-дармек салуучу кутучаларынан турган гуманитардык жардамын тапшырды.

Кыргызстандагы Ахыска түрктөрүнүн биримдигинин мүдүрү Атамша Дурсунов, Түркия тарабынан жиберилген гуманитардык жардам коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө өтө маанилүү экендигин белгилеп келип: “Бизге берген баардык медициналык гуманитардык жардамыңыздарды элибизге тапшырабыз. Түркия мамлекетине, Түркиянын Тышкы иштер министрлигине жана  Дүйнөлүк Ахыска түрктөрүнүн биримдиги ассоциациясына (DATÜB) терең ыраазычылык билдиребиз”-деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, Грузиянын Месхетия аймагында жашаган болжол менен 100 миң ахыска түрктөрү жана мусулман калктары 1944-жылдын 14-ноябрь күнү, Сталиндик режим тарабынан поезддин вагондоруна салынып, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга сүргүнгө айдалышкан болучу.

https://www.aa.com.tr/tr/dunya/turkiyenin-kirgizistan-daki-ahiska-turklerine-gonderdigi-tibbi-malzeme-teslim-edildi/2114015